Мамлекеттик коопсуздук комитети Иссык-Көлдө мыйзамсыз менчиктештирилген «Жалын» балдар лагерин мамлекетке кайтарганын билдирди. 4,82 га жер жана 4 614,8 кв. м имараттар мамлекетке өткөрүлдү.
📰 Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Иссык-Көл облусундагы “Жалын” балдардын ден соолукту чыңдоочу лагеринин мамлекеттик мүлкүн мыйзамсыз сатуу фактысын аныктады.
🔍 Контрчалгындоо иш-чараларынын жүрүшүндө Сары-Ой айылындагы комплекстин имараттары жана жер тилкелери мыйзам бузуу менен менчиктештирилгени белгилүү болду.
🏢 Алдын ала тергөө иш-чаралары көрсөткөндөй, 4,82 гектар жер аянты ОАО “Кыргызлифт” компаниясынын балансында болгон, анын башкы директору Н.В.Г. болуп саналат.
🤝 ОАО “Кыргызлифт” компаниясы ыктыярдуу түрдө жана акысыз түрдө “Жалын” балдардын ден соолукту чыңдоочу комплексин 4,82 гектар жер тилкеси менен мамлекеттин менчигине өткөрүп берди.
✅ Мурда мыйзамсыз менчиктештирилген мүлк комплекси мамлекеттин менчигине кайтарылды.