Ош шаарында мэр Женишбек Токторбаевдын демилгеси менен "Келечек" борборунун жанындагы бош жерде амфитеатр курулуп, ишке берилди. Ачылышта концерттик программа көрсөтүлүп, борборго микроавтобус белек кылынды. 🎭 Ош шаарында жаңы амфитеатр ачылды. 🎤 Амфитеатрдын курулушу Ош шаарынын мэри Женишбек Токторбаевдин демилгеси менен ишке ашырылды. 👥 Ачылыш аземине мэр Женишбек Токторбаев, шаардык кеңештин төрагасы Болот Баетов, борбордун жамааты, балдар жана алардын ата-энелери катышты. 🎶 Ачылыш аземинде «Келечек» чыгармачылык борборунун жаш талантуу балдары концерттик программа менен чыгышты. 🏗 Мэрия буга чейин борбордун имаратын жана анын айланасын толук реконструкциялап бүткөн, эми болсо ачык асман алдындагы концерттик аянтча курулуп, ишке берилди. 🎁 Ош шаарынын мэри Женишбек Токторбаев «Келечек» балдар борборуна микроавтобус белек кылды.