Бишкек, 01.10.25. Тоо-Ашуу жана Отмок ашууларында кар жаап жатат. Жолдор ачык, бирок айдоочуларга кышкы дөңгөлөктөрдү коюу жана жол эрежелерин сактоо сунушталат. 🌨️ Бүгүн тоолуу аймактарда жана Отмок менен Тоо-Ашуу ашууларында кар жаап жатат. 🚗 Жолдорду тейлеген ишканалар өздөрүнө бөлүнгөн жол тилкелеринде толук көзөмөл жүргүзүп, зарыл учурда жолдорду тазалап, инерттик материалдарды себүү иштерин жүргүзүүдө. 🛣️ Жолдор ачык бойдон калууда, бирок туруксуз аба ырайынын шарттарында жана күз-кыш мезгилине даярдык көрүү максатында айдоочуларга жайкы дөңгөлөктөрдү кышкыга алмаштыруу сунушталууда. ⚠️ Тоолуу аймактар менен ашуулар аркылуу өткөн айдоочулар жол эрежелерин так сактап, каршы тилкеге чыкпоого чакырылат.
Өлкөнүн ашууларында кар жаады: айдоочуларга кышкы дөңгөлөктөрдү эске салуу.
1 октября 20251 окт 2025
~1 мин