Ат-Башин районунда Карибек уулу Акматаалы атындагы мектепке 150 орундуу кошумча корпус курулууда. Долбоордун баасы 63 млн сом, каржылоо республикалык бюджеттен. 1025 кв. метрлик эки кабаттуу имарат заманбап талаптарга жооп берет. Мектептин аймагында ачык спорт аянтчасы да курулат.
🏫 Ат-Башин районуна караштуу Карибек уулу Акматаалы атындагы мектепке жаңы 150 орундуу корпус курулууда.
💰 Долбоордун баасы 63 миллион сомду түзүп, каржылоо республикалык бюджеттен жүргүзүлөт.
🏗 Жаңы имараттын жалпы аянты 1025 чарчы метрди түзүп, заманбап талаптарга жооп берген эки кабаттуу корпус болот.
⚽ Мектептин аймагында ачык спорт аянтчасынын курулушу да пландалууда.
📚 Бул демилге билим берүү шарттарын жакшыртууга жана окуучулар үчүн ыңгайлуу чөйрө түзүүгө багытталган.