Добавить в корзинуПозвонить
Найти в Дзене
NAQ MEDIA

Голландиялык картошка сорттору Кочкордо ийгиликтүү өздөштү.

Кочкор районунда фермер Оторов Курманбек элиталык картошка сортторунан 35 тоннага чейин түшүм алды. Голландиядан келген сапаттуу үрөндөр жана заманбап технологиялар менен камсыздоо агрардык сектордун өнүгүшүнө өбөлгө түзүүдө. 🌱 Кочкор районундагы фермер Курманбек Оторов “3+2+1” долбоору аркылуу бир гектардан 35 тонна картошка жыйнап, жогорку түшүм алды. 🚜 Министрлик аграрийлерге сапаттуу үрөн, заманбап технологиялар жана кампаларды дезинфекциялоо менен колдоо көрсөтүүдө. 🌾 Исакеев айыл аймагында суперэлиталык Челенджер, Пердиз жана Камелия сорттору өстүрүлүп, алардын түшүмдүүлүгү 30–35 тоннага жетет. 🧑‍🌾 Челенджер орто кеч бышуучу, ооруларга туруктуу жана жогорку түшүмдүү сорт. 🥔 Пердиз эрте бышат, жакшы сакталат жана суроо-талап жогору. 🌿 Камелия орто бышуучу, крахмалдын курамы жогору, кайра иштетүүгө ылайыктуу сорт. 📈 Сапаттуу үрөндөрдү алып келүү фермерлерге түшүмдүн сапатын жана экспорттук потенциалын жогорулатууга мүмкүнчүлүк берет. 🏭 Нидерландиялык ишкерлер Кочкор району

Кочкор районунда фермер Оторов Курманбек элиталык картошка сортторунан 35 тоннага чейин түшүм алды. Голландиядан келген сапаттуу үрөндөр жана заманбап технологиялар менен камсыздоо агрардык сектордун өнүгүшүнө өбөлгө түзүүдө.

🌱 Кочкор районундагы фермер Курманбек Оторов “3+2+1” долбоору аркылуу бир гектардан 35 тонна картошка жыйнап, жогорку түшүм алды.

🚜 Министрлик аграрийлерге сапаттуу үрөн, заманбап технологиялар жана кампаларды дезинфекциялоо менен колдоо көрсөтүүдө.

🌾 Исакеев айыл аймагында суперэлиталык Челенджер, Пердиз жана Камелия сорттору өстүрүлүп, алардын түшүмдүүлүгү 30–35 тоннага жетет.

🧑‍🌾 Челенджер орто кеч бышуучу, ооруларга туруктуу жана жогорку түшүмдүү сорт.

🥔 Пердиз эрте бышат, жакшы сакталат жана суроо-талап жогору.

🌿 Камелия орто бышуучу, крахмалдын курамы жогору, кайра иштетүүгө ылайыктуу сорт.

📈 Сапаттуу үрөндөрдү алып келүү фермерлерге түшүмдүн сапатын жана экспорттук потенциалын жогорулатууга мүмкүнчүлүк берет.

🏭 Нидерландиялык ишкерлер Кочкор районундагы жерлерди карап чыгып, келечекте жаңы завод ачуу жана картошка өстүрүү пландары бар экенин билдиришти.