Бишкекте жаш кызды зордуктап, өлтүргөнүн мойнуна алган тургун кармалды. Шектүү Кеминге алып барып, кыздын сөөгүн таштаганын айтты. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат. 📰 Бишкекте жашаган жаран, Ысык-Көл облусундагы 17 жаштагы кызды зордуктап, өлтүргөнүн моюнга алды. 🚔 2025-жылдын 27-сентябрында Барскоон айылынын тургуну Т.А. жана Тоң районунун тургуну К.Н. өздөрүнүн тууганы, 2008-жылы туулган М.А. Караколго курбусуна кеткенден кийин кайтып келбегенин билдирип, милицияга кайрылышкан. 🔍 Милиция бул окуяны каттоого алып, алдын ала текшерүү жана издөө иш-чараларын баштаган. 👮♂️ Ыкчам аракеттердин натыйжасында шектүү Бишкекте кармалып, ал 1984-жылы туулган А.К. экени аныкталган. 💔 Алдын ала суракта А.К. 27-сентябрда М.А.га карата зомбулук көрсөтүп, зордуктап, андан кийин мыкаачылык менен өлтүргөнүн жана анын денесин Чүй облусунун Кемин районуна алып кеткенин айткан. 📚 Бул факт Джети-Өгүз райондук ички иштер бөлүмүндө катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (
Кыргызстанда жашы жете элек кыздын мыкаачылык менен өлтүрүлүшү ачылды
30 сентября 202530 сен 2025
2
~1 мин