Бишкек шаарынын мэриясы жана «Альфа Телеком» ЗАО маалыматтык жана коммуникациялык технологиялар жаатында өнөктөштүктү өнүктүрүү боюнча меморандумга кол коюшту. Бул документ борбор калаанын тургундары үчүн сапаттуу санариптик мамлекеттик кызматтарды жана ишенимдүү сервистерди түзүүнү карайт.
📄 Бишкек шаарынын мэриясы жана “Альфа Телеком” ЖАК бүгүн кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту.
🤝 Бул документ маалыматтык жана коммуникациялык технологиялар тармагында өнөктөштүктү өнүктүрүүнү караштырат.
💡 Макулдашуунун алкагында заманбап чечимдерди киргизүү менен санарип мамлекеттик кызматтардын сапатын жогорулатуу жана борбор калаанын тургундары үчүн ишенимдүү сервистерди түзүү пландалууда.
🌐 Тараптар санариптештирүү шаардын келечегинин маанилүү бөлүгү экенин белгилешип, биргелешкен демилгелерди ишке ашырууда бири-бирин колдоого даяр экендиктерин билдиришти.
🏙️ Кол коюлган меморандум Бишкекти заманбап жана технологиялык шаар катары өнүктүрүү жолундагы дагы бир кадам болуп калат.