Чүй облусунда велосипедчини өлтүргөн автоунаа айдоочусу кармалды. 1966-жылы туулган VOLVO жүк ташуучу унаанын айдоочусу убактылуу кармоочу жайга камалды. Тергөө иштери уланууда. 🚴♂️ Чүй облусунда велосипедистти сүзүп өлтүрүүгө шектелген айдоочу кармалды. 🚓 22-сентябрда Токмок шаарындагы ички иштер бөлүмүнө Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун 64-чакырымында эркек кишинин сөөгү табылганы тууралуу кабар түшкөн. 🕵️♂️ Тергөөнүн жүрүшүндө жолдун четинде 50-55 жаштагы европалык түспөлүндөгү эркек кишинин сөөгү жана FSM үлгүсүндөгү бузулган велосипед табылган. 🧪 Маркумдун денеси Токмоктогу өлүк сактоочу жайга жеткирилип, экспертизалар дайындалды. Маркумдун өздүгү аныкталып, ал 1962-жылы туулган Токмок шаарынын тургуну К.Л. экени белгилүү болду. 🚨 Окуя боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренеси (Кыймыл коопсуздугунун жана автомототранспорт каражаттарын эксплуатациялоонун эрежелерин бузуу) боюнча кылмыш иши козголду. 👮♂️ 25-сентябрда милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-изд
Чүй облусунда велосипедчини өлтүргөн жол кырсыгына шектүү кармалды.
26 сентября 202526 сен 2025
~1 мин