Борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлдөрү өлкөнүн аймактарында жарандар менен жолугушууларды өткөрүп, шайлоо мыйзамдарындагы өзгөртүүлөрдү түшүндүрүшүүдө. Жолугушууларда шайлоочуларды аралыктан добуш берүү тартиби, талапкерлерге коюлган талаптар жана башка маселелер кызыктырат. Ар бир шайлоочу көп мандаттуу округда бир гана талапкерге добуш бере алат. 🇰🇬 Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрага орун басарлары жана мүчөлөрү өлкөнүн аймактарында жарандар менен жолугушууларды улантууда. 📍 Жолугушуулар 24-сентябрда Бишкек шаарынын Свердлов жана Октябрь райондорунда, Ош облусунун Алай жана Чоң-Алай райондорунда, Жалал-Абад облусунун Ала-Бука жана Аксы райондорунда, Нарын облусунун Нарын шаары жана Ат-Башы райондорунда, Ысык-Көл облусунун Каракол шаары жана Ак-Суу, Түп райондорунда өткөрүлдү. 🔄 Жолугушуулардын максаты — Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо боюнча Конституциялык мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөрдү жарандарга түшү
Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү Кыргызстан аймактарында эл менен жолугушууларды улантууда
25 сентября 202525 сен 2025
1 мин