Добавить в корзинуПозвонить
Найти в Дзене
NAQ MEDIA

Акман айылында жолду айыл тургунунун тукумдары оңдоп беришти.

Акман айылында Шамуратов Эрежеп атындагы көчө толугу менен оңдолуп, транспорт үчүн ыңгайлуу болуп калды. Жакында жол жээгине жарык берүүчү чырактар орнотулат. 🛣️ Акман айылынын борбордук көчөлөрүнүн бири оңдолуп, ал көчөгө колхоздо көп жылдар бою иштеген кадырлуу тургун Шамуратов Эрежептин ысымы ыйгарылды. 👷‍♂️ Шамуратов Эрежептин балдары өз каражаттарына көчөнү оңдоп-түзөө иштерин аткарышты. Буга чейин жолдун айрым бөлүктөрү таптакыр жараксыз абалда болгон жана жаан-чачындуу мезгилде жер тайгалагандыктан, айыл тургундары жөө же ат менен гана жүрүүгө аргасыз болушкан. 🚗 Жолдун жаңылануусу ар кандай транспорттун кыймылын жеңилдетип, айыл тургундарын ыңгайсыздыктан арылтты. 💡 Шамуратов Эрежептин небереси Байказы Айтикул уулу, жакынкы күндөрү жолдун боюна күчтүү лампалар менен жабдылган чырактар орнотуларын, бул түнкүсүн жолду жарык кылып, кошумча коопсуздук жана ыңгайлуулук камсыз кыларын билдирди.

Акман айылында Шамуратов Эрежеп атындагы көчө толугу менен оңдолуп, транспорт үчүн ыңгайлуу болуп калды. Жакында жол жээгине жарык берүүчү чырактар орнотулат.

🛣️ Акман айылынын борбордук көчөлөрүнүн бири оңдолуп, ал көчөгө колхоздо көп жылдар бою иштеген кадырлуу тургун Шамуратов Эрежептин ысымы ыйгарылды.

👷‍♂️ Шамуратов Эрежептин балдары өз каражаттарына көчөнү оңдоп-түзөө иштерин аткарышты. Буга чейин жолдун айрым бөлүктөрү таптакыр жараксыз абалда болгон жана жаан-чачындуу мезгилде жер тайгалагандыктан, айыл тургундары жөө же ат менен гана жүрүүгө аргасыз болушкан.

🚗 Жолдун жаңылануусу ар кандай транспорттун кыймылын жеңилдетип, айыл тургундарын ыңгайсыздыктан арылтты.

💡 Шамуратов Эрежептин небереси Байказы Айтикул уулу, жакынкы күндөрү жолдун боюна күчтүү лампалар менен жабдылган чырактар орнотуларын, бул түнкүсүн жолду жарык кылып, кошумча коопсуздук жана ыңгайлуулук камсыз кыларын билдирди.