Добавить в корзинуПозвонить
Найти в Дзене
NAQ MEDIA

Өтө чоң өлчөмдөгү алдамчылык үчүн Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты кармалды

Бишкек шаарында "Береке" курулуш компаниясынын директору жана мурдагы Жогорку Кеңеш депутаты С.У.Ч. алдамчылык боюнча кармалды. Ал Ош шаарында көп кабаттуу үй куруу максатында берилген жер тилкесин мыйзамсыз өз компаниясына каттаткан. 🔍 Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет “Береке” курулуш компаниясынын директору жана Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин мурдагы депутаты С.У.Ч.ны өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык факты боюнча кармады. 🏗️ 2019-жылдын 4-апрелинде С.У.Ч. жана А.А. ортосунда көп кабаттуу турак жай курууга байланыштуу келишим түзүлгөн. А.А. курулуш үчүн Ош шаарындагы 45 сотых жер тилкесин берген. 📜 Келишимге ылайык, курулуш аяктагандан кийин курулуш компаниясы А.А.га жалпы аянттан 2 миң 750 чарчы метрди өткөрүп берүүгө милдеттүү болгон. Бирок С.У.Ч. келишимдик милдеттенмелерди аткарбай, жер тилкесин өз компаниясына мыйзамсыз каттаган. ⚖️ Тергөө иштеринин жыйынтыгында С.У.Ч. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пункту (өзгөчө ири ө

Бишкек шаарында "Береке" курулуш компаниясынын директору жана мурдагы Жогорку Кеңеш депутаты С.У.Ч. алдамчылык боюнча кармалды. Ал Ош шаарында көп кабаттуу үй куруу максатында берилген жер тилкесин мыйзамсыз өз компаниясына каттаткан.

🔍 Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет “Береке” курулуш компаниясынын директору жана Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин мурдагы депутаты С.У.Ч.ны өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык факты боюнча кармады.

🏗️ 2019-жылдын 4-апрелинде С.У.Ч. жана А.А. ортосунда көп кабаттуу турак жай курууга байланыштуу келишим түзүлгөн. А.А. курулуш үчүн Ош шаарындагы 45 сотых жер тилкесин берген.

📜 Келишимге ылайык, курулуш аяктагандан кийин курулуш компаниясы А.А.га жалпы аянттан 2 миң 750 чарчы метрди өткөрүп берүүгө милдеттүү болгон. Бирок С.У.Ч. келишимдик милдеттенмелерди аткарбай, жер тилкесин өз компаниясына мыйзамсыз каттаган.

⚖️ Тергөө иштеринин жыйынтыгында С.У.Ч. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пункту (өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык) боюнча айыпталды.

🔒 Ал тергөө учурунда камакка алуу чарасы менен кармалып турат. Тергөө иштери улантылууда.