Япониялык Мисузу Огата Кыргызстанда "Оймо" компаниясын жетектейт. Ал беш жылдан ашык убакыттан бери өлкөдө жашап, кыргыз тилин үйрөнүп, комуз чертүүнү жана кыргызча ырдоону өздөштүргөн. 🎌 Япониянын жараны Мисузу Огата Кыргызстанда япондук “Оймо” компаниясын жетектеп, жергиликтүү кол өнөрчүлөр менен кызматташып, улуттук буюмдарды жана кийимдерди, сувенирлерди жана аксессуарларды Японияга экспорттойт. 📚 Мисузу беш жылдан ашык убакыттан бери Кыргызстанда жашап келет. Ал башында JICA уюмунун волонтеру катары мектепте мугалим болуп иштөө үчүн келген жана ошол кезде кыргыз тилин үйрөнүүгө муктаж болгон. 🗣️ Кыргыз тилин үйрөнүү оңой болгон жок. Айрыкча, так айта албай жатканда кыйын болду. Бирок сөздөрдү жаттап, эркин колдоно баштаганда, баары жеңилдеди. Ал кыргыз тилин атайын япондуктар үчүн жазылган окуу куралы менен үйрөнгөн. 🎶 Мисузу азыр комузда ойноону үйрөнүп жатат жана кыргызча ырларды ырдай баштады. Кыргыз тилин билүү ага Кыргызстанда өз алдынча жашоого жана тажрыйба топтоого чоң
Кыргызстандагы япон айымы: Мисузу Огата комуз чертип, кыргыз тилин үйрөнүүдө.
23 сентября 202523 сен 2025
~1 мин