Добавить в корзинуПозвонить
Найти в Дзене
NAQ MEDIA

Казакстан Сенатынын делегациясы Бишкекке парламенттер аралык форумга келди

Бүгүн Бишкекке Казакстандын Сенатынын төрагасы Маулен Ашимбаев баштаган делегация келди. Алар Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы кызматташтыкты, экономикалык өсүштү жана санариптик чөйрөнүн өнүгүшүн талкуулашат. 🇰🇬 Бишкекке бүгүн Казакстандын Парламентинин Сенатынын төрагасы Маулен Ашимбаев баштаган парламенттик делегация келди. Делегациянын максаты – Борбордук Азия мамлекеттеринин III Межпарламенттик форумуна катышуу. 🛬 “Манас” эл аралык аэропортунда делегацияны Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Жылдыз Садырбаева тосуп алды. 🤝 Форумдун негизги максаты – Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы парламенттик кызматташууну бекемдөө, туруктуу экономикалык өсүштү камсыз кылуу, миграциялык процесстерди жөнгө салуу жана санариптик чөйрөнү өнүктүрүү. 💼 Форумда талкуулана турган негизги темалардын катарына “Миграция жана эмгек агымдары: жарандардын укуктарын мыйзамдык камсыздоо жана экономиканын туруктуулугу”, “Борбордук Азия өлкөлөрүндөгү инвестициялык климатты жакшыртуу жана эконо

Бүгүн Бишкекке Казакстандын Сенатынын төрагасы Маулен Ашимбаев баштаган делегация келди. Алар Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы кызматташтыкты, экономикалык өсүштү жана санариптик чөйрөнүн өнүгүшүн талкуулашат.

🇰🇬 Бишкекке бүгүн Казакстандын Парламентинин Сенатынын төрагасы Маулен Ашимбаев баштаган парламенттик делегация келди. Делегациянын максаты – Борбордук Азия мамлекеттеринин III Межпарламенттик форумуна катышуу.

🛬 “Манас” эл аралык аэропортунда делегацияны Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Жылдыз Садырбаева тосуп алды.

🤝 Форумдун негизги максаты – Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы парламенттик кызматташууну бекемдөө, туруктуу экономикалык өсүштү камсыз кылуу, миграциялык процесстерди жөнгө салуу жана санариптик чөйрөнү өнүктүрүү.

💼 Форумда талкуулана турган негизги темалардын катарына “Миграция жана эмгек агымдары: жарандардын укуктарын мыйзамдык камсыздоо жана экономиканын туруктуулугу”, “Борбордук Азия өлкөлөрүндөгү инвестициялык климатты жакшыртуу жана экономиканын ачык-айкындуулугун жогорулатуу боюнча мыйзамдык чаралар”, “Парламенттер жана санариптик суверенитет: киберкоопсуздук, санариптик чөйрөнүн укуктук жөнгө салынуусу” кирет.

📈 Форумдун жыйынтыгы Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы кызматташууну жаңы деңгээлге чыгарууга багытталат.