Ош шаарындагы А. Навои атындагы эс алуу багында 15 жаштагы кыз «Викинг» аттракционунан кулап каза болду. Окуя боюнча бардык тараптуу иликтөө башталды. 😢 Ош шаарындагы А. Навои атындагы эс алуу паркындагы “Викинг” аттракционунда 15 жаштагы кыз каза болду. 🚑 Окуя 21-сентябрда, саат 13:40 чамасында болгон. Маалымат милицияга тез жардам кызматы аркылуу жетти. 👮♂️ Окуя болгон жерге оперативдик-тергөө тобу барып, текшерүү жүргүздү. Кыз алган жаракаттарынан улам ошол жерде каза болгон. 🧑⚖️ Каза болгон кыздын жанында достору болгон, алардан көрсөтмөлөр алынды. Аттракциондун 23 жаштагы кызматкери да тергөө иштерине тартылды. 🔍 Бул иш боюнча ар тараптуу иликтөө башталды. Жыйынтыгы кийинчерээк жарыяланат.
Ош шаарында 15 жаштагы кыз «Викинг» аттракционунан кулап каза болду.
22 сентября 202522 сен 2025
~1 мин