Найти в Дзене
NAQ MEDIA

Кыргызстандык самбисттер Дүйнө кубогунда байгелүү орундарды ээлешти

Кыргызстандык спортчулар Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарында өткөн самбо боюнча дүйнө кубогунда байгелүү орундарды алышты. Элхан Орозалиев 79 кг салмак категориясында күмүш медаль утса, Шерзат Кудайбердиев 71 кг салмакта коло медаль жеңди. 🥋 Кыргызстандын спортчулары Тажикстандын борбору Дүйшөмбүдө өткөн самбо боюнча дүйнө кубогунда байгелүү орундарга ээ болушту. 🥈 Элхан Орозалиев 79 кг салмак категориясында финалга жетип, күмүш медаль тагынды. 🥉 Шерзат Кудайбердиев 71 кг салмак категориясында коло медалга ээ болуп, мыкты натыйжа көрсөттү. 🏆 Дүйнө кубогу 20-21-сентябрда Тажик улуттук университетинин спорт комплексинде өтүп, 28 салмак категориясында медалдар ойнотулду. 🤼‍♂️ Спорттук жана согуштук самбо боюнча мелдештер эркектер жана аялдар арасында төмөнкү салмак категорияларында өткөрүлдү: Спорттук самбо (эркектер): 58, 64, 71, 79, 88, 98, +98 кг; Спорттук самбо (аялдар): 50, 54, 59, 65, 72, 80, +80 кг; Согуштук самбо (эркектер): 58, 64, 71, 79, 88, 98, +98 кг; Согуштук самбо (

Кыргызстандык спортчулар Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарында өткөн самбо боюнча дүйнө кубогунда байгелүү орундарды алышты. Элхан Орозалиев 79 кг салмак категориясында күмүш медаль утса, Шерзат Кудайбердиев 71 кг салмакта коло медаль жеңди.

🥋 Кыргызстандын спортчулары Тажикстандын борбору Дүйшөмбүдө өткөн самбо боюнча дүйнө кубогунда байгелүү орундарга ээ болушту.

🥈 Элхан Орозалиев 79 кг салмак категориясында финалга жетип, күмүш медаль тагынды.

🥉 Шерзат Кудайбердиев 71 кг салмак категориясында коло медалга ээ болуп, мыкты натыйжа көрсөттү.

🏆 Дүйнө кубогу 20-21-сентябрда Тажик улуттук университетинин спорт комплексинде өтүп, 28 салмак категориясында медалдар ойнотулду.

🤼‍♂️ Спорттук жана согуштук самбо боюнча мелдештер эркектер жана аялдар арасында төмөнкү салмак категорияларында өткөрүлдү: Спорттук самбо (эркектер): 58, 64, 71, 79, 88, 98, +98 кг; Спорттук самбо (аялдар): 50, 54, 59, 65, 72, 80, +80 кг; Согуштук самбо (эркектер): 58, 64, 71, 79, 88, 98, +98 кг; Согуштук самбо (аялдар): 50, 54, 59, 65, 72, 80, +80 кг.

🗓️ Турнир самбо боюнча дүйнө чемпионатына даярдык көрүү алкагында өткөрүлдү. Ноябрь айында самбо боюнча дүйнө чемпионаты Бишкекте өтөт.