Добавить в корзинуПозвонить
Найти в Дзене
NAQ MEDIA

Кыргызстандыктар шайлоодо алыстан добуш бере алышат

Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо боюнча Конституциялык мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөр менен онлайн-идентификация аркылуу алыстан добуш берүү мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Бул механизм кыргызстандыктарга шайлоого катышууну жеңилдетет. 🇰🇬 Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө Конституциялык мыйзамга ылайык, 2025-жылдын 9-июнундагы №113 мыйзам менен шайлоо процессине олуттуу өзгөртүүлөр киргизилди. 🔍 Онлайн-идентификациянын киргизилиши менен шайлоочулар өз округунан тышкары каалаган шайлоо участкасында добуш берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. 🖥️ Борбордук шайлоо комиссиясы бул механизмди ишке ашыруу үчүн программалык-техникалык камсыздоону даярдап, системаны тестирлөө иштерин жүргүзүүдө. 🌍 Кыргызстандын чегинен тышкары жашаган же убактылуу жүргөн жарандарга шайлоого катышууну жеңилдетүү максатында дистанциялык добуш берүү мүмкүнчүлүгү каралган. 📍 Өз округунун чегинде шайлоочу туруктуу катталган дареги

Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо боюнча Конституциялык мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөр менен онлайн-идентификация аркылуу алыстан добуш берүү мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Бул механизм кыргызстандыктарга шайлоого катышууну жеңилдетет.

🇰🇬 Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө Конституциялык мыйзамга ылайык, 2025-жылдын 9-июнундагы №113 мыйзам менен шайлоо процессине олуттуу өзгөртүүлөр киргизилди.

🔍 Онлайн-идентификациянын киргизилиши менен шайлоочулар өз округунан тышкары каалаган шайлоо участкасында добуш берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

🖥️ Борбордук шайлоо комиссиясы бул механизмди ишке ашыруу үчүн программалык-техникалык камсыздоону даярдап, системаны тестирлөө иштерин жүргүзүүдө.

🌍 Кыргызстандын чегинен тышкары жашаган же убактылуу жүргөн жарандарга шайлоого катышууну жеңилдетүү максатында дистанциялык добуш берүү мүмкүнчүлүгү каралган.

📍 Өз округунун чегинде шайлоочу туруктуу катталган дареги боюнча гана добуш бере алат, башка участокто добуш берүү мүмкүн эмес.

🗳️ Дистанциялык добуш берүү аркылуу сиз кайсы жерде болбоңуз, өзүңүздүн айылыңыздан же шаарыңыздан татыктуу талапкерди колдой аласыз.

📄 Эгерде онлайн-идентификация системасында каттоо дареги жок же Кыргызстандын чегинен тышкары дарек көрсөтүлгөн болсо, шайлоо бюллетени түзүлбөйт же бош бойдон калат.

🔄 Ошондуктан, чет өлкөдө паспорт алган жарандарга, каттоо дарегин Кыргызстандын аймагындагы даректерге жаңыртууну сунуштайт.