Ысык-Көл облусунда электр камсыздоонун сапатын жакшыртуу боюнча активдүү иштер жүрүүдө. Жаңы линиялар жана трансформатордук подстанциялар орнотулуп, энергиянын ишенимдүүлүгүн арттыруу жана жоготууларды азайтуу максатында бир нече айылдарда курулуш жана реконструкция иштери жүргүзүлдү.
⚡️ Иссык-Көл облусунда электр энергиясын камсыздоо сапатын жакшыртуу боюнча активдүү иштер жүрүүдө.
🔌 2025-жылдын башынан бери Чырпыкты айылында 1 км ВЛ-10 кВ электр линиясы тартылып, 1000 кВА жана 630 кВА кубаттуулуктагы 2 трансформатордук подстанция орнотулду.
🔌 Көк-Мойнок айылында 2 км өзүнчө изоляцияланган зым (СИП) орнотулду.
🔌 Тилекмат айылында 5 км ВЛ-10 кВ линиясы тартылып, 2 трансформатордук подстанция орнотулду.
🔌 Алтын Логистика объектинде 1 км ВЛ-10 кВ линиясы курулуп, трансформатордук подстанциянын ордун которуу жана 400 метр ВЛ-0.4 кВ линиясынын реконструкциясы жүргүзүлдү.
🔌 Ой-Тал айылында 2 км СИП орнотулду, ал эми Курменты айылында 1,8 км өзүнчө изоляцияланган зым тартылды.
🔌 Чоң Жаргылчак айылында 200 метр ВЛ-10 кВ линиясы жана 2 км СИП курулду.
🔧 Жаңы 268 темир-бетон таянычтар орнотулду, бул иш-чаралар электр энергиясын ишенимдүү камсыздоону, тармактардагы жоготууларды азайтууну жана электр энергиясынын сапатын жакшыртууну максат кылат.
🛠 Иссык-Көл ПЭСтин курулуш-монтаждоо бөлүмү электр тармактарын модернизациялоо жана энергетикалык натыйжалуулукту жогорулатуу программасынын алкагында пландалган иштерди улантат.
🔔 Жумуштар жүргүзүлүп жаткан учурда убактылуу электр энергиясын өчүрүүлөр болушу мүмкүн. Өчүрүүлөр тууралуу маалымат Иссык-Көл ПЭСтин расмий сайтында жана «Менин жарыгым» мобилдик тиркемесинде жарыяланат. Электр энергиясына байланыштуу суроолор боюнча күнү-түнү иштеген байланыш линиялары: 105; 1209; +996 772 001209; +996 556 001209; WhatsApp: +996 702 001209.