Ысык-Көл ПЭС электр энергиясын туруктуу жана сапаттуу камсыздоо максатында техникалык иштерди жүргүзүүдө. Подстанцияларда кубаттуулук жогорулатылып, эски жабдыктар жаңыларга алмаштырылууда. Бул өзгөртүүлөр жүктөмдүн өсүшүнө даярдык көрүп, керектөөчүлөрдү үзгүлтүксүз энергия менен камсыз кылууну жакшыртат.
🔌 Иссык-Көл электр тармактары аймакта электр энергиясын туруктуу жана сапаттуу жеткирүү үчүн маанилүү техникалык иштерди ийгиликтүү аткарууда.
🔄 “Түштүк-1” подстанциясында 10 МВА трансформатору 16 МВА трансформаторуна алмаштырылды.
🔧 “Саруу” подстанциясында 6,3 МВА трансформатору 10 МВА трансформаторуна алмаштырылды.
⚙️ “Кең-Суу” подстанциясында 2,5 МВА трансформатору 4 МВА трансформаторуна алмаштырылды.
📈 Келечекте “Пржевальск” подстанциясында 25 МВА трансформатору 40 МВА трансформаторуна алмаштырылат.
🔋 “Восточный”, “Покровка” жана “Жети-Өгүз” подстанцияларында да кубаттуулук жогорулатылат.
🛠️ “Ачикеев” подстанциясында эски майлуу өчүргүчтөр заманбап вакуумдук өчүргүчтөргө алмаштырылды.
📊 Бул өзгөртүүлөр электр энергиясын үзгүлтүксүз камсыздоону жакшыртат жана жүктөмдүн өсүшүнө даярдыкты камсыздайт.
🗓️ Бардык иштер 2025-жылдын октябрында аяктайт жана подстанциялардын кубаттуулугу 56,5 МВАга көбөйөт.