Найти в Дзене
NAQ MEDIA

2026-жылдан тартып КРде балдар үчүн жаңы жөлөкпул киргизилет: кимдер ала алат?

Кыргызстанда бийик тоолуу жана алыскы аймактарда жашаган балдары бар үй-бүлөлөргө ай сайын 3000 сомдук жөлөкпул берилет. Бул колдоо 2026-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет. 📢 Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети “бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” аттуу ай сайын берилүүчү жөлөкпулду берүү тартиби жөнүндө Положениени бекитти. 🏔️ Жөлөкпулдун көлөмү 3000 сомду түзөт жана 3 жашка чейинки балдары бар үй-бүлөлөргө берилет. 🗺️ Жөлөкпулду алуу укугу бийик тоолуу жана алыскы жетүүгө кыйын аймактарда, айрым чек арадагы өзгөчө статусу бар жерлерде жашаган үй-бүлөлөргө берилет. 💰 Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине республикалык бюджеттен каражат бөлүү тапшырылды. 🔧 Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги бул чечимди ишке ашыруу үчүн зарыл чараларды көрөт. 📅 Жаңы чечим 2026-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

Кыргызстанда бийик тоолуу жана алыскы аймактарда жашаган балдары бар үй-бүлөлөргө ай сайын 3000 сомдук жөлөкпул берилет. Бул колдоо 2026-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

📢 Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети “бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” аттуу ай сайын берилүүчү жөлөкпулду берүү тартиби жөнүндө Положениени бекитти.

🏔️ Жөлөкпулдун көлөмү 3000 сомду түзөт жана 3 жашка чейинки балдары бар үй-бүлөлөргө берилет.

🗺️ Жөлөкпулду алуу укугу бийик тоолуу жана алыскы жетүүгө кыйын аймактарда, айрым чек арадагы өзгөчө статусу бар жерлерде жашаган үй-бүлөлөргө берилет.

💰 Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине республикалык бюджеттен каражат бөлүү тапшырылды.

🔧 Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги бул чечимди ишке ашыруу үчүн зарыл чараларды көрөт.

📅 Жаңы чечим 2026-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.