Кыргызстанда шайлоочулар катталган жеринен тышкары, каалаган жерден добуш бере алышат. Шайлоо күнү кошумча участкалар ачылып, онлайн-камералар орнотулат. Үйдөн интернет аркылуу добуш берүү келечекте мүмкүн болот.
📢 Кыргызстанда шайлоочуларга добуш берүү мүмкүнчүлүгү кеңейтилди.
🗳️ Шайлоочу катталган жеринен тышкары, каалаган жерде добуш бере алат.
🏢 Кошумча шайлоо участкалары эл көп чогулган жерлерде, мисалы, «Дордой», «Кара-Суу» базарларында, «Бишкек Парк», «Чынар», «Азия Молл» соода борборлорунда жана Бишкек, Ош аэропортторунда ачылат.
📹 Бардык участкаларда онлайн камералар орнотулат, ал эми Борбордук шайлоо комиссиясы жана талапкерлердин ишенимдүү өкүлдөрү түз эфирде шайлоо процессин көзөмөлдөйт.
📄 Добуш берүү үчүн ID-паспорт, чет өлкөлүк паспорт же QR-коду бар «Түндүк» тиркемесинин бири жетиштүү. Бул документтер чет өлкөдөгү шайлоочулар үчүн да жарактуу.
🌐 Келечекте санариптештирүү аркылуу жарандар интернет аркылуу үйдөн добуш бере алышат, бул чет өлкөдөгү мекендештерге да толук мүмкүнчүлүк берет. Тек гана убакыт талап кылынат.