Чүй районунда 2026-жылга карата түшүм даярдоо үчүн канадалык "джерси" буудайы 50 гектар аянтка себилүүдө. Бул сорттун жогорку түшүмдүүлүгү жана сапаты Кыргызстанда айыл чарбасын өнүктүрүүгө, фермерлердин кирешесин көбөйтүүгө жана экспорттук потенциалды кеңейтүүгө жардам берет. 🌾 Чүй районунда 2026-жылкы түшүмгө даярдык көрүү боюнча күзгү талаа иштери кызуу жүрүп жатат. 🌱 Сельскохозяйственный кооператив «Мичурин» канадалык «джерси» сортундагы буудайды 50 гектар аянтка себүүдө. Бул сорт жогорку түшүмдүүлүгү жана сапаты менен айырмаланат. ❄️ «Джерси» сорту суукка жана ар кандай климаттык шарттарга туруктуу, тез бышып жетилүүчү жана сапаттуу данга ээ. Бул фермерлердин кирешесин көбөйтүүгө жана жергиликтүү данды экспорттоо мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө шарт түзөт. 🚜 Бул иш-чаралар Чүй районунун агрардык секторунун өнүгүшүнө чоң салым кошуп, азык-түлүк коопсуздугун бекемдеп, өлкөнүн дан азыктарына болгон ички муктаждыктарын камсыздоого жардам берет.