Ош шаарындагы «Боорукердик» социалдык мекемесинде 1-октябрда Эл аралык карылар күнү белгиленип, карыларга калаа мэриясы жана мамлекеттик банк тарабынан белектер тапшырылды.
🎉 Ош шаарында 1-октябрда Эл аралык карылар күнүнө карата атайын иш-чара өттү.
👥 Иш-чарага Ош шаарынын вице-мэри Салтанат Аманова, шаардык Кеңештин төрага орун басары Ниязбек Нурбаев жана мамлекеттик банктын өкүлдөрү катышты.
🎁 Салтанат Аманова мэриянын атынан акчалай белек жана интерактивдүү такта тапшырды.
🪑 Мамлекеттик банк социалдык мекеме үчүн жаңы эмерек сатып алды.
🏠 Ош шаарындагы “Боорукердик” карылар үйүндө 30 карылар жашайт.
📅 Ош шаарында “Карыларга көңүл буруу жана камкордук” аттуу айлык иш-чара өтүп жатат, анда социалдык колдоого муктаж карыларга жардам көрсөтүлүүдө.