Кыргызстандын энергетика министри Таалайбек Ибраев Сокулук районундагы электр тармактарын күз-кыш мезгилине даярдоо иштерин текшерди. Интеллектуалдык эсептегичтерди орнотуу кечеңдеп жатканын белгилеп, кызматкерлердин өз убагында келип-кетүүсүн көзөмөлдөө үчүн турникет орнотууну тапшырды. Энергетиктер менен жолугушууда министр техниканын жетишсиздиги жана айлык маянанын аздыгы тууралуу маселелерди талкуулады. Кийинки жылы атайын техниканын көбөйтүлөрүн жана айлык маянанын жогорулай турганын билдирди.
🔌 Министр энергетики Кыргызстана Таалайбек Ибраев 1-октябрда 2025-жылы Сокулук районундагы электр тармактарын күз-кыш мезгилине даярдык көрүү максатында күтүүсүз текшерүү жүргүздү.
🔍 Министр ремонт, реконструкция жана акылдуу эсептегичтерди орнотуу иштерин карап чыгып, бул иштердин өз убагында жана толук көлөмдө аткарылбай жатканын белгиледи. Электр энергиясын сатуу кызматынын жетекчисине бул багытта тез арада иш алып барууну тапшырды.
👷♂️ Сокулук райондук электр тармактарынын жетекчисине кызматкерлердин убагында келип-кетүүсүн көзөмөлдөө үчүн турникет орнотууну жана заманбап LED экран орнотууну тапшырды. Ошондой эле, керектөөчүлөр менен тыгыз иш алып баруу, электр энергиясын үнөмдүү пайдалануу боюнча иштерди убагында жана сапаттуу аткаруу, коопсуздук эрежелерин так сактоо, абоненттерге сылык-сыпаа мамиле кылуу боюнча көрсөтмө берди.
🚧 Министр жумушчу топ менен жолугуп, атайын техниканын жетишсиздиги жана айлык акылардын аздыгы тууралуу маселелерди укту. Ал 2026-жылы Чүй электр тармактарына көбүрөөк атайын техника бөлүнөрүн жана айлык акыларды көтөрүү пландалып жатканын билдирди.
⚙️ Министрлик электр компанияларына 2025-2026-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдык иштерин сапаттуу жана өз убагында жүргүзүү тапшырмасын койгон. Сокулук районунда 209 трансформатор капиталык ремонттон өтүп, 797 трансформатор техникалык тейлөөдөн өттү. Ошондой эле, 20 жаңы трансформатор орнотулуп, 32 км СИП-кабелдер тартылып, 223 темир-бетон мамылары орнотулуп, 14 700 акылдуу эсептегичтер орнотулду.
📅 Пландык ремонт иштеринин жүрүшүндө саат 09:00дөн 17:00гө чейин электр энергиясы өчүрүлүшү мүмкүн. Ремонт иштеринин кайсы аймакта жана качан жүргүзүлөрү тууралуу маалымат Чүй электр тармактарынын расмий сайтында жана социалдык тармактарда жарыяланат. Ошондой эле, “Менин жарыгым” мобилдик тиркемеси аркылуу билдирүүлөрдү алууга болот. Электр энергиясы боюнча суроолор менен күнү-түнү 105, 1209, 0772001209, 0556001209, 0702001209 (WhatsApp) номерлери аркылуу кайрылсаңыз болот.