Найти в Дзене
NAQ MEDIA

ОшМУ Наманган университети менен кош диплом берүү боюнча келишимге кол койду.

Ош мамлекеттик университети жана Наманган мамлекеттик университети кош диплом программасын ишке киргизүү боюнча келишимге кол коюшту. Программа алкагында Намангандагы студенттер ОшМУнун дипломун да ала алышат. 🎓 Ош мамлекеттик университети менен Наманган мамлекеттик университети эки диплом программасын баштоо боюнча келишимге кол коюшту. 🤝 Бул келишимдин алкагында Наманган мамлекеттик университетинин “Дарылоо иши” жана “Фармация” багыттарында окуган студенттери ОшМУнун дипломун да ала алышат. 📅 Келишимге 2-октябрда, Наманган мамлекеттик университетинин окуу иштери боюнча проректору Хаётбек Кадыров баштаган делегациянын ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков менен жолугушуусунда кол коюлду. 📚 Жолугушууда 2025–2026-окуу жылына абитуриенттерди кабыл алуу маселелери талкууланды. Программа боюнча студенттерди кабыл алуу ушул жылдын ноябрь айына чейин жүргүзүлөт. 🎓 Келишимге ылайык, эки дипломдуу адистиктерге өткөн студенттер үч жыл Наманган мамлекеттик университетинде жана эки жыл ОшМУда

Ош мамлекеттик университети жана Наманган мамлекеттик университети кош диплом программасын ишке киргизүү боюнча келишимге кол коюшту. Программа алкагында Намангандагы студенттер ОшМУнун дипломун да ала алышат.

🎓 Ош мамлекеттик университети менен Наманган мамлекеттик университети эки диплом программасын баштоо боюнча келишимге кол коюшту.

🤝 Бул келишимдин алкагында Наманган мамлекеттик университетинин “Дарылоо иши” жана “Фармация” багыттарында окуган студенттери ОшМУнун дипломун да ала алышат.

📅 Келишимге 2-октябрда, Наманган мамлекеттик университетинин окуу иштери боюнча проректору Хаётбек Кадыров баштаган делегациянын ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков менен жолугушуусунда кол коюлду.

📚 Жолугушууда 2025–2026-окуу жылына абитуриенттерди кабыл алуу маселелери талкууланды. Программа боюнча студенттерди кабыл алуу ушул жылдын ноябрь айына чейин жүргүзүлөт.

🎓 Келишимге ылайык, эки дипломдуу адистиктерге өткөн студенттер үч жыл Наманган мамлекеттик университетинде жана эки жыл ОшМУда окушат.