Бишкек шаарында 1-октябрда Т. Усубалиев атындагы аянтта Кырсыктар тобокелин азайтуу күнүнө арналган иш-чара өттү. Программада куткаруучулардын көрсөтмөлөрү, «Жаш куткаруучу» сынагынын жыйынтыгы жана концерттик программа болду.
🎉 Бишкектин Т. Усубалиев атындагы аянтында 1-октябрда Кырсыктардын тобокелдигин азайтуу күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара өттү.
👨🚒 Иш-чарага Бишкек мэриясынын аппаратынын жетекчиси Илияс Колопов, шаардык Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын башчысы Эрнест Жусупов, жарандык коргонуу кызматкерлери, студенттер, окуучулар жана шаар тургундары катышты.
🚒 Программа жарандык коргонуу кызматтарынын параддык жүрүшү менен башталып, конокторго өрт жана жол кырсыгы учурунда куткаруучулардын аракеттерин, заманбап өрт-куткаруу каражаттарын жана жабдууларын көрсөтүштү.
🏆 “Жаш куткаруучу” конкурсунун жыйынтыгы чыгарылып, мыкты мектеп командалары шаардык Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынан медалдар, грамоталар жана баалуу белектерди алышты.
🚗 Иш-чара атайын техникалардын автожүрүшү жана концерттик программа менен жыйынтыкталды.
📅 Иш-чаралар кырсыктардын тобокелдигин азайтуу айлыгынын алкагында өткөрүлүп, анын максаты – өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана калкты коопсуздук эрежелери тууралуу маалымдоо.