Бишкек шаарында салык кызматы жана прокуратура ишкерлер менен жолугуп, укуктарын коргоо жана кызматташууну күчөтүү маселелерин талкуулашты. "Бизнес коргоо" колдонмосу көрсөтүлдү.
📈 Бишкекте мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери жана прокуратура өкүлдөрү шаардагы соода түйүндөрүндө иштеген жеке ишкерлер менен жолугушуу өткөрүштү.
🤝 Жолугушуунун максаты – жеке ишкерлердин укуктарын коргоо, мыйзам бузууларга каршы биргелешип аракеттенүүнү күчөтүү жана бизнес коомчулугу менен мамлекеттик органдар ортосунда ачык диалог түзүү.
📱 Ишкерлерге мыйзам бузууларды аныктоо учурда кайрылуу тартиби түшүндүрүлдү. Ошондой эле, Башкы прокуратура тарабынан иштелип чыккан “Ишкердик субъекттерин текшерүүлөрдү каттоо” автоматташтырылган маалымат системасы жана “Бизнес коргоо” мобилдик тиркемеси тууралуу маалымат берилди.
📲 Жолугушуунун катышуучуларына мобилдик тиркемени кантип жүктөп алуу жана колдонуу керектиги көрсөтүлдү. Тиркеме Play Market жана App Store платформаларында жеткиликтүү.
🔗 Жыйынтыгында ишкерлер прокуратура органдары менен мындан ары да кызматташууга даяр экенин билдирип, мындай иш-чараларды үзгүлтүксүз өткөрүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.