Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов Бишкекке Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчыларынын жолугушуусуна катышуу үчүн келди. Аны "Манас" аэропортунда Бакыт Торобаев тосуп алды. 🇺🇿 Кыргыз Республикасына Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов ТҮРКСОЙго мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын жолугушуусуна катышуу үчүн келди. 🛬 Абдулла Ариповту “Манас” эл аралык аэропортунда министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары жана суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Торобаев тосуп алды. 🤝 Бүгүн Бишкек шаарында ТҮРКСОЙго мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын/вице-президенттеринин маанилүү жолугушуусу өтөт. 🌍 Жолугушуу түрк тилдүү мамлекеттердин ортосундагы кызматташтыкты жана өнөктөштүктү бекемдөөгө багытталган.