Бишкекте кыргыз-түрк бизнес-форуму өтүп, инвестиция үчүн артыкчылыктуу багыттар белгиленди: жеңил жана тамак-аш өнөр жайы, айыл чарба, энергетика, транспорт, IT жана туризм. Түркия 2020-2024-жылдары Кыргызстанга $1,449 млрд инвестиция салган. 🇰🇬 Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү максатында Бишкектеги мамлекеттик резиденция “Ала-Арча”да кыргыз-түрк бизнес-форуму өтүп жатат. 💼 Форумда Кыргызстанда инвестиция салууга артыкчылык берилген тармактар белгиленди: жеңил жана тамак-аш өнөр жайы, агрардык сектор жана кайра иштетүү, энергетика, транспорт жана логистика, IT жана санарип экономика, ошондой эле туризм. 🇹🇷 Түркия Кыргызстандагы ири инвесторлордун бири болуп саналат. 2020-2024-жылдар аралыгында Түркиянын инвестициялары $1,449 млрд түзүп, өз ара товар жүгүртүүнүн көлөмү $2,3 млрд болду. 🤝 Кыргызстан менен Түркиянын ишкерлери соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча талкуулашууда.