Бишкекте 17-сентябрга караган түнү тиричилик чыр-чатагынан улам киши өлтүрүү болду. Жабырлануучу бычактан алган жаракатынан окуя болгон жерде каза болгон, шектүү ооруканада. 🔪 Бишкекте 17-сентябрга караган түнү турмуш-тиричилик чыр-чатагынан улам киши өлтүрүү болду. 🚨 16-сентябрда саат 23:30 чамасында Коенкозова көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдө чыр-чатак чыккандыгы тууралуу 102 кызматына билдирүү түшкөн. 🗡️ Жанжал учурунда А. аттуу жаран С. аттуу эркек кишинин көкүрөгүнө бычак сайып жиберген. Ал алган жаракатынан улам окуя болгон жерде каза болгон. 🏥 Алдын ала маалыматтар боюнча, шектүү өзүнө да жаракат келтирген. 2008-жылы төрөлгөн кыз ооруканага жеткирилип, кайтаруу астында кармалууда. ⚖️ Бул окуя ЖУИге катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси («Киши өлтүрүү») боюнча кылмыш иши козголду. 🔍 Зарыл сот-медициналык экспертизалар дайындалып, тергөө иштери улантылууда.