Добавить в корзинуПозвонить
Найти в Дзене
NAQ MEDIA

Саат 22:00дөн кийин музыка катуу ойнотулбасын жана сигнал басылбасын! Тынчтыкты сактаңыз!

2024-жылдын декабрында Президент Садыр Жапаров жарандардын тынчтыгын жана эс алуу убактысын камсыздоо боюнча "Тынчтык жөнүндө" мыйзамга кол койгон. Бул мыйзамга ылайык, жумуш күндөрү 22:00дөн 07:00гө, ал эми дем алыш жана майрам күндөрү 22:00дөн 09:00гө чейин ызы-чуу деңгээли белгиленген чектен ашпоосу керек. Бийлик органдары мыйзамды түшүндүрүү жана аткарууну көзөмөлдөө үчүн рейддерди жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. 🎵 Президент Садыр Жапаров 2024-жылдын декабрында “Тынчтык жөнүндө” мыйзамга кол койгон. Бул мыйзам жарандардын эс алуу убактысын камсыз кылууга багытталган. 🕙 Мыйзамга ылайык, жумуш күндөрү саат 22:00дөн 07:00гө чейин, ал эми дем алыш жана майрам күндөрү саат 22:00дөн 09:00гө чейин уруксат берилген деңгээлден ашык ызы-чуу чыгарууга тыюу салынат. 📢 Жарандардын тынчтыгын бузган аракеттерге телевизорлорду, радиоприемниктерди жана башка үн күчөткүч түзүлүштөрдү колдонуу, музыкалык аспаптарда ойноо, ышкырык, ырдоо жана башка уруксат берилген нормалардан жогору үндөрдү чы

2024-жылдын декабрында Президент Садыр Жапаров жарандардын тынчтыгын жана эс алуу убактысын камсыздоо боюнча "Тынчтык жөнүндө" мыйзамга кол койгон. Бул мыйзамга ылайык, жумуш күндөрү 22:00дөн 07:00гө, ал эми дем алыш жана майрам күндөрү 22:00дөн 09:00гө чейин ызы-чуу деңгээли белгиленген чектен ашпоосу керек. Бийлик органдары мыйзамды түшүндүрүү жана аткарууну көзөмөлдөө үчүн рейддерди жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

🎵 Президент Садыр Жапаров 2024-жылдын декабрында “Тынчтык жөнүндө” мыйзамга кол койгон. Бул мыйзам жарандардын эс алуу убактысын камсыз кылууга багытталган.

🕙 Мыйзамга ылайык, жумуш күндөрү саат 22:00дөн 07:00гө чейин, ал эми дем алыш жана майрам күндөрү саат 22:00дөн 09:00гө чейин уруксат берилген деңгээлден ашык ызы-чуу чыгарууга тыюу салынат.

📢 Жарандардын тынчтыгын бузган аракеттерге телевизорлорду, радиоприемниктерди жана башка үн күчөткүч түзүлүштөрдү колдонуу, музыкалык аспаптарда ойноо, ышкырык, ырдоо жана башка уруксат берилген нормалардан жогору үндөрдү чыгарган аракеттер кирет.

🚨 Мыйзам күчүнө киргенден кийин ар бир региондо жергиликтүү бийлик органдары калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

📋 Бишкектин Свердлов райондук администрациясы укук коргоо органдары жана муниципалдык соода бөлүмү менен биргеликте кафе жана көңүл ачуучу жайларда рейддерди өткөрүүдө.

👥 Ресторан администратору Нооруз Райымовдун айтымында, жаңы эрежелерге кардарлар түшүнүү менен мамиле кылууда. Алар музыка саат 22:00гө чейин гана бийге ылайык ойнотуларын жана андан кийин тынч фондук музыка колдонуларын белгилешет.

🛡️ Бишкек шаарынын ГУВД кызматкерлери профилактикалык иш-чараларды өткөрүүдө. Жакында өткөн дем алыш күндөрүнүн алдында ГУВД, шаардык мэрия жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору биргеликте профилактикалык рейд өткөрүшкөн.