Джалал-Абад облусундагы «Агро Алтын-Куш» канаттуулар фабрикасы 31 миң тоок багууда. Жалпы баасы 130 млн сом болгон фабрика жумуртка өндүрүп, 16 адамды жумуш менен камсыз кылууда. 🐔 Джалал-Абад облусундагы Базар-Коргон шаарында жайгашкан “Агро Алтын-Куш” канаттуулар фабрикасы ишмердүүлүгү менен таанышуу болду. 📈 Фабрика 1 гектар аянтта жайгашкан жана 130 миллион сомго бааланган. Учурда 31 миң тоок багылып жатат, ал эми экинчи этапта бул сан 70 миңге жетет деп пландалууда. 🥚 Фабриканын негизги продукциясы – тоок жумурткалары. 2025-жылдын май айынан тартып, фабрикада тоют өндүрүүчү цех иштей баштаган. Ал тоют фабриканын муктаждыктарын камсыз кылат. 👷♂️ Фабриканын ачылышы менен 16 адам туруктуу жумуш менен камсыз болду. Продукция Джалал-Абад жана Ош облустарынын базарларына жеткирилет. 🤝 Регион башчысы жеке ишкерлерди колдоо боюнча чоң иштер жүргүзүлүп жатканын жана бул аракеттер жергиликтүү экономиканын өнүгүшүнө салым кошоорун белгиледи.
Тилек Текебаев Базар-Коргондогу жаңы «Агро Алтын-Куш» канаттуулар фабрикасынын ишмердүүлүгү менен таанышты
12 сентября 202512 сен 2025
~1 мин