Жогорку Кенеште виртуалдык активдер тууралуу мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди. Бул өзгөртүүлөр мамлекеттик жөнгө салууну жакшыртуу, стейблкоиндерди жана реалдуу активдер менен камсыздалган токендерди чыгаруу, инвесторлорду коргоо жана инновациялык чечимдерди сыноо үчүн шарттарды түзүүгө багытталган.
📊 Жогорку Кенештин бүгүнкү жыйынында Кыргыз Республикасынын «Виртуалдык активдер жөнүндөгү» мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоору үч окууда каралып, кабыл алынды.
🔍 Мыйзам долбоорунун максаты – виртуалдык активдер боюнча кызмат көрсөтүүчүлөрдүн ишмердүүлүгүн мамлекеттик жөнгө салуунун натыйжалуулугун жогорулатуу. Муну менен Президент тарабынан аныкталган ыйгарым укуктуу органга ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү каралган.
💰 Кыргыз Республикасынын виртуалдык активдер жөнүндөгү мыйзамдарынын алкагында реалдуу активдер менен камсыздалган токендерди жана стейблкоиндерди чыгаруу жана жүгүртүү үчүн укуктук шарттарды түзүү пландалууда.
⚙️ «Мамлекеттик майнинг» жана «мамлекеттик криптовалюталык резерв» түшүнүктөрү киргизилет.
🛡️ Инвесторлорду алдамчылыктан коргоо, рыноктун туруктуулугун жана айкындуулугун камсыз кылуу үчүн чет элдик валютада камсыздалган активдердин гана чыгарылышына уруксат берүү каралган.
🧪 Виртуалдык активдер чөйрөсүндө инновациялык продуктуларды жана чечимдерди коопсуз сыноо үчүн укуктук негиздер түзүлөт (регулятивдик песочница).
🔗 Бул өзгөртүүлөр Кыргыз Республикасында виртуалдык активдер рыногунун өнүгүүсүнө жана коопсуздугуна олуттуу салым кошот.