Жалал-Абад облусундагы Регионалдык инвестициялык кеңештин кеңейтилген жыйыны мамлекеттик жана жеке сектордун диалогун өнүктүрүүгө, региондун экономикалык өсүшүнө көмөктөшүүгө багытталган. 🗣️ Джалал-Абад облусундагы президенттин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн жаңы имаратында Регионалдык инвестициялык кеңештин (РИК) кеңейтилген жыйыны болуп өттү. Бул жыйындын максаты – мамлекеттик жана жеке секторлордун ортосунда натыйжалуу диалог түзүү жана жеке сектордун маалымдуулугун жогорулатуу аркылуу региондун экономикалык өнүгүүсүнө көмөктөшүү. 🤝 Жыйынга президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев, Бизнес жана инвестицияларды өнүктүрүү кеңешинин катчылыгынын жетекчиси Улук Кыдырбаев, ПРООНдун туруктуу өкүлү Александра Соловьёва жана башка мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын, бизнес-ассоциациялардын жана ишкердик коомчулуктун өкүлдөрү катышты. 📈 Тилек Текебаев регионалдык инвестициялык кеңештин ишмердүүлүгүн жогору баалап, ишкерлердин үнү угулуп, алардын көйгөйлөрү чечилип, сунуштары и
Жалал-Абадда ишкерлер жана мамлекеттик кызматкерлер инвестициянын жаңы мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашууда
19 сентября 202519 сен 2025
1 мин