Бишкек шаарынын мэриясына ирригациялык тармактарды башкаруу жана абаны жакшыртуу үчүн 67 млн сомдук заманбап техника берилди. Бул кадам экосистеманы бекемдөөгө жана шаарды жашылдандырууга багытталган. 🌿 Бишкек шаарынын муниципалдык ишканасы “Бишкекзеленстрой” заманбап атайын техниканы алды. Бул кадам Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги тарабынан ишке ашырылып жаткан “Кыргыз Республикасында абанын сапатын жакшыртуу” долбоорунун алкагында ишке ашырылды. 🚜 Мэрияга берилген атайын техника ирригациялык тармактарды башкарууну жакшыртууга, дарыялардын жана каналдардын нугун тазалоого багытталган. Бул шаардык экосистеманы чыңдоого жана Бишкек шаарындагы абанын сапатын жакшыртууга жардам берет. 👷♂️ Техниканы тапшыруу аземине Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Медер Машиев, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев жана башка тиешелүү тараптар катышты. 💰 Мэриянын карамагына экскаваторлор, с