Бишкекте 6-сентябрдан тартып Дэн Сяопин проспектисинин жана Фучик көчөсүнүн айрым бөлүктөрү капиталдык оңдоо иштерине байланыштуу убактылуу жабылат. Түштүк тарапта эки тараптуу кыймыл уюштурулат. 🚧 Бишкекте Дэн Сяопин проспекти менен Фучик көчөсүнүн айрым бөлүктөрү капиталдык ремонт иштерине байланыштуу убактылуу жабылат. 🛣️ 2025-жылдын 6-сентябрынан тартып Дэн Сяопин проспектисинин түндүк тарабы Фучик көчөсүнөн Кустанай көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылат. Бул бөлүктө түштүк тарабында эки тараптуу кыймыл уюштурулат. 🚦 Ошондой эле, 6-сентябрдан баштап Фучик көчөсүнүн батыш тарабы Чүй проспектисинен Жибек Жолу проспектисине чейинки бөлүгү убактылуу жабылат. Бул жерде транспорт кыймылы жолдун чыгыш тарабында эки багытта уюштурулат. 🚍 Бишкек мэриясы шаар тургундарын жана конокторун бул чараларга түшүнүү менен мамиле кылууга чакырат. Мүмкүн болушунча коомдук транспортту колдонуп, тыгындардан качууну сунуштайт.
6-сентябрдан тартып борбордо Дэн Сяопин проспектисинин жана Фучик көчөсүнүн бир бөлүгү жабылат.
5 сентября 20255 сен 2025
~1 мин