Бишкекте темир жолдун боюндагы аймактарды тазалоо жана оңдоо иштери жүргүзүлүп, 40тан ашуун таштанды чыгарылды. Иш-чарага волонтерлор жана коммуналдык кызматтар катышты. 🌿 Бишкектеги темир жолдордун айланасын жакшыртуу боюнча масштабдуу иштер жүргүзүлдү. 🚮 Бишкекте темир жолдун боюндагы аймактан турмуш-тиричилик жана курулуш таштандылары тазаланды, кургак өсүмдүктөр алынып, тосмолор оңдолуп, орнотулду. 🏢 Имараттардын фасаддары акиташ менен боёлуп, тосмолор жана торлор жаңыртылды, темир жол белгилери жана көрсөткүчтөр жаңыланды. 🤝 Иш-чараларга ишкананын кызматкерлери, ыктыярчылар, “Тазалык” жана “Бишкектеплосеть” муниципалдык ишканаларынын кызматкерлери катышты. Жалпысынан 40тан ашуун машина таштанды чыгарылды. 👮 Милиция менен биргеликте темир жолдордо үй-жайсыз адамдардын жүрүүсүнө жол бербөө боюнча алдын алуу иштери жүргүзүлүүдө. 🚆 Бул чаралар поезддердин кыймылынын коопсуздугун жогорулатууга гана эмес, борбордун санитардык абалын жана сырткы көрүнүшүн жакшыртууга да багытталган
Бишкекте темир жол боюнда тазалоо иштери жүргүзүлүп, 40 жүк ташуучу унаа таштанды чыгарылды. “Мурун” жана “кийин” сүрөттөрү.
3 сентября 20253 сен 2025
1
~1 мин