Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу акимдерди жана мэрлерди өз иштерин видео менен көрсөтпөөгө чакырды. Алардын милдети - өз аймактарын жакшыртуу жана тазалоо, эл баалайт. 📢 Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу бардык район акимдерин жана мэрлерди өз ишинен хайп жасабоого чакырды. 📹 Бүгүнкү күндө көптөгөн мэрлер жана район активдери өз иштерин видео аркылуу көрсөтүп жатышат. Алар блогерлерди жалдап, таштандыларды тазалап жатканын, ар бир кадамын сүрөткө тартып, көрсөтүп жатышат. 🤡 Ош шаарынын мэринин стилине окшошуп, көпчүлүк жетекчилер клоунго айланууда. Бул стиль ага ылайыктуу болушу мүмкүн, бирок башкаларга кереги жок. 🧹 Аймактарды, шаарларды көрктөндүрүү, тартипке келтирүү жана таштандыларды тазалоо алардын түздөн-түз милдети болуп саналат. Бул ишти үнсүз аткаруу керек, анткени эл баа берет. 📴 Баары блогер болууга аракет кылбашы керек, өз ишинен хайп жасабоо зарыл.
ЖК Төрагасы акимдер менен мэрлерди ишин хайпка айлантпай, ар бир кадамын видеого тартпоого чакырды.
3 сентября 20253 сен 2025
~1 мин