Москва жана Москва облусундагы чет элдик жумушчулар үчүн жаңы миграциялык каттоо тартиби киргизилет. 2025-жылдын 1-сентябрынан тартып кыргызстандыктар, өзбекстандыктар жана тажикстандыктар "Амина" мобилдик тиркемесин орнотушу керек. 🛂 Москва жана Москва облусунда иштеген чет элдик жарандар үчүн жаңы миграциялык эсепке алуу тартиби киргизилди. 📱 2025-жылдын 1-сентябрынан тартып, Кыргызстандын, Өзбекстандын жана Тажикстандын жарандары Москвага жана Подмосковье аймагына иштөө максатында келгенде, “Амина” мобилдик тиркемесин орнотуу милдеттүү болуп калды. 📍 “Амина” тиркемесинин негизги функциялары: көп функционалдуу миграциялык борбордун (ММЦ) дарегине каттоо, ички иштер органдарына жашаган жери тууралуу алыстан билдирүү, геолокация маалыматтарын Россиянын ИИМине автоматтык түрдө берүү. 🔄 Үч жумуш күнүнөн ашык геолокацияны берүү токтотулганда, жашаган даректи тастыктоо же өзгөртүү зарылдыгы тууралуу билдирүү келет. 📲 Чет элдик жарандар тиркемени өз алдынча орнотуп, активдештире алышат
Москвада иштеген кыргызстандыктарга «Амина» колдонмосун орнотуу милдеттүү экендиги эскертилди
1 сентября 20251 сен 2025
1 мин