Президенттин тапшырмасы менен 744 миллион сом бөлүнүп, жаңы муундагы окуу китептери чыгарылууда. 1–2 жана 5–7-класстар жаңыланган программалар менен окушат. Үч жылдан кийин бардык окуучулар окуу китептери менен камсыз болот. 📚 Кыргызстанда билим берүү тармагында маанилүү кадамдар жасалууда. Президенттин тапшырмасы менен 744 миллион сом бөлүнүп, жаңы муундагы окуу китептеринин массалык чыгарылышы башталды. 📘 Биринчи жолу 1–2 жана 5–7-класстардын окуучулары үчүн толук окуу китептери түзүлүүдө. Бул класстар жаңы программалар жана мамлекеттик билим берүү стандарты боюнча билим алышат. 📈 Учурда 3–9-класстар үчүн англис тили боюнча окуу китептери чыгарылып, математика жана жаратылыш таануу сабактарынын китептери даярдалууда. Үч жылдын ичинде Кыргызстандын бардык окуучулары окуу китептери менен толук камсыз болушат. 🏫 Бул окуу китептери улуттук продукт болуп саналат жана “Окуу китеби” басмаканасында даярдалып, “Учкун” ААК басмаканасында басылып чыгат. Ар бир комплект окуу китеби, жумушчу
Жаңы окуу китептерине алгачкы жолу 744 миллион сом бөлүндү – билим берүү министри.
1 сентября 20251 сен 2025
~1 мин