Найти в Дзене
NAQ MEDIA

Садыр Жапаров Кытайга иш сапары менен барат.

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров 31-августтан 3-сентябрга чейин Кытайга иш сапар менен барып, ШОС саммитине катышат. Ал жерде аймактык жана эл аралык кызматташтык маселелери талкууланып, Тяньцзинь декларациясы жана бир катар келишимдерге кол коюлат. 🇰🇬 Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпиндин чакыруусу менен 31-августтан 3-сентябрга чейин Кытай Эл Республикасына иш сапары менен барат. 🤝 Садыр Жапаров Шанхай кызматташтык уюмунун мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына катышат. Жыйындын алкагында ШКУнун алкагында көп тараптуу кызматташтыктын маанилүү маселелери, ошондой эле регионалдык жана эл аралык саясат боюнча маселелер талкууланат. 📜 Тяньцзин саммитинин жыйынтыгында уюмга төрагалык кылуу Кыргыз Республикасына өтөт. Президент саммитте өлкөнүн Шанхай кызматташтык уюмундагы келечектеги төрагалыгынын артыкчылыктарын сунуштайт. ✍️ Жогорку деңгээлдеги жолугушуулардын жыйынтыгы боюнча Шанхай кызматташтык

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров 31-августтан 3-сентябрга чейин Кытайга иш сапар менен барып, ШОС саммитине катышат. Ал жерде аймактык жана эл аралык кызматташтык маселелери талкууланып, Тяньцзинь декларациясы жана бир катар келишимдерге кол коюлат.

🇰🇬 Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпиндин чакыруусу менен 31-августтан 3-сентябрга чейин Кытай Эл Республикасына иш сапары менен барат.

🤝 Садыр Жапаров Шанхай кызматташтык уюмунун мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына катышат. Жыйындын алкагында ШКУнун алкагында көп тараптуу кызматташтыктын маанилүү маселелери, ошондой эле регионалдык жана эл аралык саясат боюнча маселелер талкууланат.

📜 Тяньцзин саммитинин жыйынтыгында уюмга төрагалык кылуу Кыргыз Республикасына өтөт. Президент саммитте өлкөнүн Шанхай кызматташтык уюмундагы келечектеги төрагалыгынын артыкчылыктарын сунуштайт.

✍️ Жогорку деңгээлдеги жолугушуулардын жыйынтыгы боюнча Шанхай кызматташтык уюмунун мамлекет башчыларынын кеңешинин Тяньцзин декларациясы кабыл алынат. Ошондой эле ШКУга мүчө өлкөлөрдүн саясий, экономикалык, энергетикалык жана башка чөйрөлөрдөгү өз ара аракеттенүүсүн бекемдөөгө багытталган келишимдер жана документтерге кол коюлат.

🎉 Садыр Жапаров Экинчи дүйнөлүк согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чараларга катышат. Ошондой эле Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушуу болот.