Добавить в корзинуПозвонить
Найти в Дзене
NAQ MEDIA

«Восток-5» кичи районунда 360 орундуу бала бакча жаңыланып жатат

Бишкек шаарындагы "Восток-5" кичи районундагы 360 орундуу бала бакчада заманбап коопсуздук жана комфорт талаптарына ылайык капиталдык оңдоо иштери жүрүп жатат. Бала бакчанын жанында 14 оюн аянтчасы курулат. 🏗️ Бишкектин мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгы “Восток-5” микрорайонундагы 360 орундуу бала бакчаны капиталдык ремонттоо иштерин улантууда. 🏢 Бала бакчанын эки кабаттуу имараты жалпы аянты 2 794,6 чарчы метрди түзүп, балдардын коопсуздугу жана ыңгайлуулугу үчүн заманбап талаптарга ылайык толугу менен реконструкцияланууда. 🎠 Бала бакчанын айланасында 14 оюн аянтчасы курулуп, тарбиялануучулар үчүн активдүү жана коопсуз эс алуу шарттары түзүлөт. 🔄 Имарат муниципалитетке Бишкек шаарынын ГКНБ Башкы башкармалыгы менен биргелешкен иштин натыйжасында кайтарылып берилген. 🔧 Учурда тышкы жана ички инженердик тармактар боюнча иштер аяктап, терезе блоктору орнотулуп, чатыр жабуу иштери аткарылган. Азыркы учурда аймакты көрктөндүрүү, ички жасалгалоо жана фасадды жабдуу иштери жүрүп

Бишкек шаарындагы "Восток-5" кичи районундагы 360 орундуу бала бакчада заманбап коопсуздук жана комфорт талаптарына ылайык капиталдык оңдоо иштери жүрүп жатат. Бала бакчанын жанында 14 оюн аянтчасы курулат.

🏗️ Бишкектин мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгы “Восток-5” микрорайонундагы 360 орундуу бала бакчаны капиталдык ремонттоо иштерин улантууда.

🏢 Бала бакчанын эки кабаттуу имараты жалпы аянты 2 794,6 чарчы метрди түзүп, балдардын коопсуздугу жана ыңгайлуулугу үчүн заманбап талаптарга ылайык толугу менен реконструкцияланууда.

🎠 Бала бакчанын айланасында 14 оюн аянтчасы курулуп, тарбиялануучулар үчүн активдүү жана коопсуз эс алуу шарттары түзүлөт.

🔄 Имарат муниципалитетке Бишкек шаарынын ГКНБ Башкы башкармалыгы менен биргелешкен иштин натыйжасында кайтарылып берилген.

🔧 Учурда тышкы жана ички инженердик тармактар боюнча иштер аяктап, терезе блоктору орнотулуп, чатыр жабуу иштери аткарылган. Азыркы учурда аймакты көрктөндүрүү, ички жасалгалоо жана фасадды жабдуу иштери жүрүп жатат.

🏗️ Подряддык уюм катары “Лидер Хаус” ЖЧКсы иш алып барууда.