Талас облусунда фасоль жыйноо иштери башталды. Орто-Арык айылынын дыйкандары «Нирвана» сортун жыйнап жатышат. Быйыл 12 183 гектар жерге фасоль себилген. Баасы 105–110 сом, экспорт 30дан ашуун өлкөгө жүргүзүлөт. 🌱 Талас облусунда фасоль жыйноо иштери кызуу жүрүп жатат. Орто-Арык айылында дыйкандар “Нирвана” сортундагы фасоль жыйнап, бул сорт ички жана тышкы рынокто жогорку суроо-талапка ээ. 🚜 Дыйкандар бул жылы 1,5 гектар аянтка фасоль эгип, жакшы түшүм алышты. Орточо алганда, бир гектардан 1,5 тонна фасоль алынууда. 💰 Учурда фасольдүн базар баасы килограммына 105–110 сомду түзөт. Жыйноо иштерине айыл чарба техникалары колдонулуп, эки гектар аянтты жыйноо болжол менен 5000 сомго чыгат. ☀️ Ысык аба ырайынан улам, быйылкы жыйноо иштери кадимкиге салыштырмалуу 15–20 күн эрте башталды. 📈 2025-жылы Талас районунда 12 183 гектар аянтка фасоль эгилген, бул өткөн жылга салыштырмалуу 319 гектарга көп. Региондо төрттөн ашык фасоль сорту өстүрүлүп, учурда жыйноо иштери толук кандуу жүрүүдө. 🌍