Бишкек шаарында абанын сапатын жакшыртуу долбоору ишке ашырылып, тургундар экологиялык таза жылытуу системаларын орнотуу үчүн 1 млн сомго чейин кредит ала алышат. Бул иш-чаралар абаны булгануудан коргоого жана шаарды экологиялык жактан туруктуу кылууга багытталган.
🌱 Бишкектин тургундары жакында өз үйлөрүн экологиялык таза жылытуу системалары менен жаңыртуу үчүн 1 миллион сомго чейин кредит ала алышат. Бул мүмкүнчүлүк Дүйнөлүк банк колдогон “Абанын сапатын жакшыртуу” долбоорунун алкагында берилет.
🏦 Коммерциялык банктар аркылуу берилүүчү каржылоо, тургундарга жылуулук насостору, электр казандары жана күн сууну жылытуу системаларын орнотуу үчүн жеңилдетилген пайыздык чен менен берилет.
🌞 Долбоор Бишкектеги абанын булганышын азайтууга, шаардыктардын ден соолугун жакшыртууга жана экологиялык туруктуулукту бекемдөөгө багытталган. Анын алкагында тургундар экологиялык жактан таза жана энергияны үнөмдүү жылытуу ыкмаларына өтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.
🔥 Бишкекте жылытуу сектору, айрыкча жеке сектордо, көмүр жана отунга көз каранды бойдон калууда. Көпчүлүк үйлөр эски жана натыйжасыз жылытуу системаларын колдонушат, бул зыяндуу заттардын айлана-чөйрөгө бөлүнүп чыгышын көбөйтөт.
🌍 Долбоордун чаралары шаардыктардын ден соолугун жакшыртып, парник газдарынын бөлүнүп чыгышын кыскартууга жана борбордун экологиялык туруктуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берет.
📈 Долбоордун “Таза жылытуу чечимдерин киргизүүнү колдоо” компоненти, таза жылытуу технологияларын колдонуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү шарттарын түзүүгө багытталган. Ал ички рынокту өнүктүрүүгө жана үй чарбалары үчүн модернизациянын инвестициялык жагымдуулугун жогорулатууга багытталган.
📢 Маалыматтык кампания, экологиялык жылытуунун, энергияны үнөмдөөнүн жана анын ден соолукка тийгизген таасиринин артыкчылыктары жөнүндө калктын маалымдуулугун жогорулатууга багытталат.
🔄 “Абанын сапатын жакшыртуу” долбоору 2023-2028-жылдар аралыгында ишке ашырылып, Эл аралык өнүгүү ассоциациясы тарабынан 50 жылдык мөөнөткө, 10 жылдык жеңилдетилген мөөнөт менен пайызсыз кредит түрүндө каржыланат.