Баткен облусунун Лейлек районундагы Бешкент айылында заманбап «Келечек» орто мектеби курулуп бүттү. Жаңы окуу жылында ачылат деп күтүлүүдө. Мектепте спорт залы жана ашкана бар, бардык шарттар түзүлгөн. 🏫 Баткен облусунун Лейлек районундагы Бешкент айылында жаңы «Келечек» орто мектеби курулуп бүттү. Жаңы окуу жылынын башталышы менен мектеп ишке киргизилет деп күтүлүүдө. 🛠 Учурда мектепти эмеректер менен жабдуу жана айланасын көрктөндүрүү иштери жүрүп жатат. 📚 Окуу жайында окуучулар үчүн бардык зарыл шарттар түзүлгөн, анын ичинде спорт залы жана ашкана бар. 💰 Мектептин курулушу республикалык бюджеттен 167 миллион 700 миң сом бөлүнүп, Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан ишке ашырылды. 🎓 Жаңы мектептин ачылышы аймактагы билим берүү деңгээлин жогорулатууга жана жаш муундар үчүн жакшы шарттарды түзүүгө багытталган.
Лейлек районунда 500 орундуу «Келечек» жаңы мектеби курулду
20 августа 202520 авг 2025
~1 мин