Балыкчы-Барскоон-Каракол жолунун курулушу 140 км узундукта жүрүүдө. 60 км асфальт төшөлгөн, 5 көпүрө бүттү. Коопсуздукка өзгөчө көңүл бурулуп, эки деңгээлдүү жол айрыгы жана 4 км дренаж каналы курулду. 🛣 Балыкчы-Барскоон-Каракол жолунун курулушу 140 км аралыкты камтыйт. 🏗 Жолдун курулушуна төрт подряддык компания катышууда. Азыркы учурда 60 км жолго биринчи катмар асфальт-бетон төшөлгөн, ал эми 30 км жолго экинчи катмар толук төшөлгөн. 🌉 Сел агымдарын өткөрүү үчүн түтүк жана көпүрөлөрдүн курулушу активдүү жүргүзүлүүдө. Долбоордун алкагында пландалган беш көпүрөнүн курулушу толугу менен аяктаган. 🚦 Коопсуздукка өзгөчө көңүл бурулууда. Балыкчы-Кочкор темир жол линиясы менен кесилишкен 5 км жолдо эки деңгээлдүү жол айрыгы долбоорлонгон. Бул үчүн темир конструкциялардан өтмө жол курулуп, темир жолдун унаа жолунун астынан өтүшүнө мүмкүнчүлүк түзүлгөн. 🌊 Саздуу жерлерди кургатуу жана дренаж үчүн 4 км узундуктагы канал салынган.
Балыкчы-Барскоон-Каракол жолунда көпүрөлөр жана эки деңгээлдүү жол айрыгы курулууда
18 августа 202518 авг 2025
~1 мин