Кыргызстанда тирүү мал экспорту өткөн жылга салыштырмалуу кескин азайды. Бул чара эттин баасынын негизсиз өсүшүн алдын алуу жана калкка жеткиликтүүлүгүн камсыздоо максатында киргизилген мамлекеттик саясаттын натыйжасы. 🐄 Кыргызстанда тирүү малдын экспорту өткөн жылга салыштырмалуу кескин кыскарды. 📉 2025-жылдын башынан бери өлкөдөн 30 493 баш ири мүйүздүү мал, 31 781 кой жана эчки, 1 636 жылкы экспорттолгон. 📊 2024-жылдын ушул эле мезгилинде 77 907 баш ири мүйүздүү мал, 70 392 кой жана эчки, 5 113 жылкы экспорттолгон. 🔻 Экспорттун кыскарышы: ири мүйүздүү малдын экспорту 47 414 башка, кой жана эчкинин экспорту 38 611 башка, жылкынын экспорту 3 477 башка азайган. 💼 Бул өзгөрүүлөр эт бааларынын негизсиз өсүшүн алдын алуу жана калкты жеткиликтүү азык-түлүк менен камсыз кылуу максатында мамлекеттик саясаттын алкагында киргизилген чектөөлөрдүн натыйжасы болуп саналат.