Добавить в корзинуПозвонить
Найти в Дзене
NAQ MEDIA

Бишкекте кабель линияcын реконструкциялоо иштери уланууда

Бишкекте кабельдик тармактарды реконструкциялоо иштери активдүү жүрүп жатат. 2025-жылдын башынан бери 14 км кабель линиялары жаңыртылып, жыл аягына чейин дагы 20-25 км алмаштырылат. Бул долбоор техникалык жоготууларды азайтуу, өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу жана заманбап талаптарга жооп берүү үчүн иштелип чыккан. 🔌 Бишкекте кабельдик тармактарды реконструкциялоо иштери активдүү жүрүп жатат. 📈 2025-жылдын башынан бери Бишкекте 14 км ашуун кабель линиялары жаңыртылды. 🛠 Жыл аягына чейин 20дан 25 кмге чейин эскирген линиялар алмаштырылат. ⚡ Проект техникалык жоготууларды азайтуу, кабель тармактарынын өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу жана 10 кВ жумушчу чыңалууга өтүүнү максат кылат. 🧵 Реконструкция учурунда жогорку ишенимдүүлүк жана узак мөөнөттүүлүк менен мүнөздөлгөн заманбап сшитый полиэтилен изоляциялуу кабелдер колдонулууда. 🏗 Бишкек электр тармактары ишканасынын кабель линиялары кызматы 10 кмден ашык жаңы кабель линиясын курууда. 💡 Кабелдердин сечениясы 3×240 мм² жана 3×18

Бишкекте кабельдик тармактарды реконструкциялоо иштери активдүү жүрүп жатат. 2025-жылдын башынан бери 14 км кабель линиялары жаңыртылып, жыл аягына чейин дагы 20-25 км алмаштырылат. Бул долбоор техникалык жоготууларды азайтуу, өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу жана заманбап талаптарга жооп берүү үчүн иштелип чыккан.

🔌 Бишкекте кабельдик тармактарды реконструкциялоо иштери активдүү жүрүп жатат.

📈 2025-жылдын башынан бери Бишкекте 14 км ашуун кабель линиялары жаңыртылды.

🛠 Жыл аягына чейин 20дан 25 кмге чейин эскирген линиялар алмаштырылат.

⚡ Проект техникалык жоготууларды азайтуу, кабель тармактарынын өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу жана 10 кВ жумушчу чыңалууга өтүүнү максат кылат.

🧵 Реконструкция учурунда жогорку ишенимдүүлүк жана узак мөөнөттүүлүк менен мүнөздөлгөн заманбап сшитый полиэтилен изоляциялуу кабелдер колдонулууда.

🏗 Бишкек электр тармактары ишканасынын кабель линиялары кызматы 10 кмден ашык жаңы кабель линиясын курууда.

💡 Кабелдердин сечениясы 3×240 мм² жана 3×180 мм² болуп, бул электр камсыздоонун сапатын жана туруктуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берет.

🌍 Бул реконструкциялоо иштери Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы (IDA) жана Швейцария экономика боюнча мамлекеттик катчылыгы (SECO) тарабынан каржыланган “Электроэнергетикалык секторду модернизациялоо жана туруктуу өнүктүрүү” долбоорунун алкагында жүргүзүлүүдө.