Министрлер кабинети Тышкы иштер министрлигинин алдында «Е-Дипломат» мамлекеттик мекемесин түзүү тууралуу токтом кабыл алды. Бул мекеме дипломатиялык кызматтардын ишин уюштуруп, санариптик инфраструктураны өнүктүрөт. 🌐 Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети Тышкы иштер министрлигинин алдында “Е-Дипломат” мамлекеттик мекемесин түзүү жөнүндө токтом кабыл алды. 📄 Бул токтом Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 19-июнундагы “Тышкы иштер министрлигинин алдында “Е-Дипломат” мамлекеттик мекемесин түзүү жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу максатында даярдалды. 👥 Токтом менен Тышкы иштер министрлигинин алдында “Е-Дипломат” мамлекеттик мекемесинин жобосу жана мамлекеттик мекеменин штаттык саны бекитилди. 💻 Мекеме Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызмат органдарынын ишмердүүлүгүн уюштуруу-техникалык жактан коштоп, санариптик инфраструктураны жана маалыматтык системаларды иштетүүнү, өнүктүрүүнү камсыз кылат.