Билим берүү министрлиги жеке менчик мектептердин мамлекетке өтүшү боюнча маалыматты четке какты. "Сейтек STEM", "Алтын Мурас" жана "Индиго Сапат" жеке менчикте калууда. 📚 Кыргыз Республикасынын билим берүү министрлиги бир катар жеке мектептердин мамлекеттик менчикке өтүшү тууралуу маалыматты четке какты. 🏫 “Сейтек STEM” билим берүү мекемеси жеке менчик болуп эсептелет жана Сапаева Светлана Дуйшомбиевнанын атына катталган. 📘 “Акылтай” билим берүү мекемеси 2025-жылы кайра каттоодон өтүп, азыр “Алтын Мурас” деген аталышта иштеп келет жана “Прогресс” ЖЧКсына катталган. 🏫 “Индиго Сапат” билим берүү мекемеси да жеке менчик болуп, Кузобаева Чолпон Тологоновнанын атына катталган. 🔍 Министрликте бул билим берүү мекемелеринин менчик ээлеринин өзгөрүшү тууралуу маалымат жок, жана алар мамлекеттик менчикке өткөнү тууралуу да кабардар эмес.
Жеке мектептердин мамлекеттик менчикке өтүшү тууралуу маалыматка Билим берүү министрлиги түшүндүрмө берди.
27 августа 202527 авг 2025
~1 мин