Ай-Кол айылында 225 окуучуга ылайыкталган, заманбап жабдуулар менен камсыздалган жаңы эки кабаттуу мектептин курулушу аяктады. 1-сентябрда ачылышы болот. 🎓 Ай-Кол айылында, Баткен облусунун Лейлек районунда, Н. Батыров атындагы орто мектептин курулушу аяктады. 🏗️ Курулуш иштери 2023-жылдан бери республикалык бюджеттин эсебинен жүрүп, долбоордун жалпы наркы 106 миллион сомду түздү. 🏫 Жаңы мектептин жалпы аянты 1141 чарчы метр болуп, 225 окуучуга ылайыкталган жана эки кабаттуу окуу корпусун камтыйт. 🖥️ Окуучулар үчүн бардык шарттар түзүлүп, имарат заманбап жабдуулар менен камсыздалган. 📅 Мектептин ачылышы 1-сентябрга белгиленген.
Баткен облусунун Ай-Кол айылындагы жаңы мектеп 1-сентябрда ачылат
27 августа 202527 авг 2025
~1 мин